Депутат: Аскерге чакырылгандардын көпчүлүгүндө ден соолугунда көйгөй бар

 Депутат: Аскерге чакырылгандардын көпчүлүгүндө ден соолугунда көйгөй бар

Аскерге чакырылгандардын көпчүлүгүнүн ден соолугунда көйгөй бар. Бул тууралуу депутат Талант Мамытов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал белгилегендей коргоо министринин маалыматына караганда, аскер кызматына чакырылгандардын дээрлик көпчүлүгүндө ден соолугунда маселе бар. Кээ бир облустарда бул көрсөткүч 70-80 пайызга чейин жетет.

“Эми аларды толук кандуу жараксыз деп айтууга болбойт. Мисалы, Улуттук гвардияга болбойт. Альтернативдик кызматка жарашы мүмкүн. Бул баарыбызга коңгуроо. Анткени биздин келечегибизди аныктай турган, бизди коргой турган жаштарыбыздын ден соолугу ушундай болуп жатышы аябай кейиштүү”, – деди эл өкүлү.

Ошондой эле Талант Мамытов мындай маселе дарыгерлер менен да талкууланганын белгиледи. Адистер буга энергетикалык ичимдиктер эң башкы себеп экенин, анын айынан жаштардын ашказан, боор, жүрөгү жабыркап жатканын айтышкан.

“Дени сак улуттун, деми да күчтүү болот. Ушул маселелге көңүл бурушубуз керек”, – деди депутат.

Связанный пост