Жогорку Кеңеште төрт аймактык онкологиялык борбор түзүү сунушталды
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Талант Мамытов “Ынтымак-Мекенчил” депутаттык тобунун атынан Кыргызстандын түндүк жана түштүк аймактарында экиден, жалпы төрт аймактык онкологиялык борбор түзүүнү сунуштады.
Анын айтымында, жарандардын кайрылууларында саламаттык сактоо маселелери, анын ичинде дары-дармектердин жеткиликтүүлүгү, дарыланууга каражаттын жетишсиздиги жана медициналык жардам көрсөтүү маселелери көп көтөрүлөт.
Депутат онкология эң курч көйгөйлөрдүн бири экенин белгилеп, Кыргызстанда учурда онкологиялык оорулар боюнча каттоодо 37 миңден ашуун адам турганын, алардын саны жыл сайын өсүп жатканын айтты.
Мамытовдун маалыматына караганда, 2020-жылы 5 миң 377 жаңы учур катталса, 2025-жылы бул көрсөткүч 7 миңден ашкан. Ошондой эле жыл сайын онкологиялык оорулардан 3 миңден ашуун адам каза болот.
Ал аймактарда ооруну эрте аныктоо жана алдын алуу үчүн шарттарды түзүү, медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.
Депутаттын айтымында, учурда тиешелүү процедураларды жүргүзүү үчүн Кыргызстанда болгону эки аппарат бар. Мындан улам аймактардагы тургундар дарылануу үчүн Бишкекке келүүгө аргасыз.
Мындан тышкары, эмчек безинин ооруларын аныктоочу жабдуулардын жетишсиздиги да белгиленди. Анын айтымында, өлкөдө бир гана маммография аппараты бар болгондуктан, кезек күтүү маселеси жаралууда.
Ушуга байланыштуу депутаттык топ мамлекеттик бюджеттен тиешелүү жабдууларды сатып алууга, медициналык кадрларды даярдоого жана онкологиялык оорулардын алдын алуу үчүн шарттарды түзүүгө каражат бөлүүнү сунуштады.
Ошондой эле мамлекет сатып алган дары-дармектер бейтаптарга жетип жатканын көзөмөлдөөнү күчөтүү сунушталды.
“Биздин сунуш — түштүк жана түндүк аймактарда экиден борбор түзүү, мындан ары онкологиялык оорулардын алдын алууга шарт түзүү үчүн бюджеттен каражат бөлүү”, — деди Талант Мамытов.