V Элдик курултайды өткөрүүгө даярдык маселелери талкууланды
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин төрагалыгы алдында кезектеги V Элдик курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана алардын ишин координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирет.
Жыйындын жүрүшүндө уюштуруу комитетинин мүчөлөрү алдыда өтө турган иш-чараны уюштуруучулук-техникалык жактан камсыз кылуу боюнча негизги маселелерди талкуулашты. Делегаттарды шайлоонун белгиленген тартибин сактоого жана жол-жоболордун ачык-айкындуулугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулду.
Кезектеги V Элдик курултайга бөлүштүрүлгөн квоталардын негизинде өлкөнүн жети облусунан, Бишкек жана Ош шаарларынан, этностук топтордун өкүлдөрүнүн жана чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынын арасынан 700 делегат шайланары белгиленди.
Жыйындын жыйынтыгында мамлекеттик катчы Арслан Койчиев мамлекеттик органдардын жетекчилери жана президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан пландаштырылган бардык уюштуруу иш-чараларын өз убагында жана сапаттуу аткаруу зарылдыгын айтты.