Салык кызматы 2,5 млн сомдук мөөнөтү өткөн таттууларды аныктады

 Салык кызматы 2,5 млн сомдук мөөнөтү өткөн таттууларды аныктады

“Ак-Тилек” өткөрмө пунктунда жүргүзүлгөн рейддик салыктык көзөмөл учурунда мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктар аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, консолидацияланган жүк ташып бара жаткан Scania үлгүсүндөгү унаа текшерилген. Анын ичинен Skittles, M&M’s, Snickers, Mars жана Twix соода маркаларына таандык 263 куту кондитердик азык табылган.

Аныкталган продукциянын алдын ала баасы 2 млн 500 миң сомдон ашат. Анын арасында жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен товарлар да болгон.

Бул факты боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Салык кызматы керектөөчүлөрдүн ден соолугуна коркунуч жаратышы мүмкүн болгон, анын ичинде мөөнөтү өтүп кеткен продукциялардын жүгүртүүгө чыгарылышына жол бербөө боюнча көзөмөл иштерин улантууда.

Связанный пост