Өлкө аймагында этти ортомчусуз сатуу үчүн 100 соода түйүнү ачылат

 Өлкө аймагында этти ортомчусуз сатуу үчүн 100 соода түйүнү ачылат

Кыргызстанда этти ортомчусуз түз сатуу үчүн 100 соода түйүнүн ачуу пландалууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул чара азык-түлүк рыногунда бааларды турукташтыруу боюнча даярдалган 2026-2027-жылдарга карата план долбоорунда каралган.

“Соода түйүндөрүн “Кыргыз Агрохолдинг” ачып, этти өндүрүүчүлөрдөн керектөөчүлөргө түз жеткирүү механизми түзүлөт. Анын алкагында Бишкекте 30, Ош облусунда 15, Жалал-Абад облусунда 14, Чүй облусунда 12 түйүн ачуу каралган”, – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле соода түйүндөрү үчүн жер тилкелерин акысыз берүү жана электр энергиясына кеткен чыгымдарды субсидиялоо маселеси каралууда.

Связанный пост