Аксыда дыйкандар үчүн жаңы соода-логистикалык борбор ачылды
Аксы районунун Кожо-Ата айылында айыл чарба продукцияларын сактоого ылайыкташкан соода-логистикалык борбор ачылды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, “Бакча” айыл чарба кооперативине караштуу бул борбор мөмө-жемиштерди сактоого ылайыкташып, жылына 300 тоннага чейин продукцияны сактоо мүмкүнчүлүгүнө ээ.
Ачылышына катышкан министрдин орун басары Рысгүл Акимжанова соода-логистикалык борбордун ишке кириши жергиликтүү дыйкандар жана өндүрүүчүлөр үчүн продукцияны сактоо, сорттоо, таңгактоо жана экспортко чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзөрүн белгиледи.
Анын айтымында, мындай долбоорлор айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн рынокко чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана аймактарда жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.