Арашан койлорун экспортко чыгарууга басым жасалат
19-сентябрда эт-май багытындагы арашан асыл тукум койлорун өнүктүрүүгө арналган эл аралык фестиваль өттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Иш-чараны арашан кой багуучулар ассоциациясы уюштуруп, ага Өзбекстан, Россия, Тажикстан жана Казстандан келген фермерлер, ата мекендик малчылар жана айыл чарба тармагынын өкүлдөрү катышты.
Фестивалда министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүп жатканын айтты. Ал арашан койлорун экспортко чыгаруу, асыл тукум статусун алуу жана фермерлер үчүн 3 пайыздык жеңилдетилген насыя мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду.
Ошондой эле арашан койлорунун санын көбөйтүү, сапаттык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу жана эл аралык рынокко чыгаруу мал чарбачылыгын өнүктүрүүнүн маанилүү багыттарынын бири экенин белгиледи.
Фестивалдын алкагында чет өлкөлүк жана ата мекендик фермерлердин тажрыйба алмашуусуна жана кызматташтыкты кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.