Адылбек Касымалиев жана президенттин администрациясынын кызматкерлери ишембиликке катышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана президенттин администрациясынын кызматкерлери масштабдуу жалпы республикалык ишембиликке катышты.

Белгилей кетсек, президенттин ”Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын кайра иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-чаралар планы жөнүндө” жарлыгына ылайык, өлкө боюнча мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, аларга караштуу мекемелердин, ошондой эле юридикалык жактардын катышуусунда жалпы республикалык ишембилик өткөрүлүүдө.

Экологиялык акция Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Боз-Бөлтөк тоосунда өттү. Ишембилик учурунда катышуучулар аймакты катуу тиричилик калдыктарынан тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Адылбек Касымалиев мындай экологиялык иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоо маданиятын калыптандыруунун жана аймактардын тазалыгын сактоо үчүн ар бир жарандын жоопкерчилигин жогорулатуунун зарылдыгын белгиледи.

Связанный пост