Балдарды мектепке кабыл алуу уланууда

 Балдарды мектепке кабыл алуу уланууда

Азыркы күнгө чейин балдарды мектептерге кабыл алуу жүрүп жатканын Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.

Анын айтымында, дайыма болуп турган ички жана тышкы миграцияга, ошондой эле жашоосу оор кырдаалга туш болгон балдарга байланыштуу аларды мектепке кабыл алуу улантылууда.

“Негизи бардык балдар милдеттүү түрдө мектепке кабыл алынышы керек. Быйыл окуу жылы 15-сентябрдан башталгандыгына байланыштуу 1-5-класстын окуучулары 5 күндүк окуу режиминде билим алышат. Ал эми 6-11-класстын окуучулары үчүн айрым мектептерде 6 күндүк окуу режими белгиленген. Балдардын саны көп болуп, окуучулар батпай калган мектептерде 6 күндүк окуу режимине өткөрүлгөн”, – деди ал.

Абдылдаева белгилегендей, быйыл социалдык багыттагы 100 объект пайдаланууга берилди. Анын ичинен 34 мектеп жана 28 бала бакча жаңы окуу жылында ишке киргизилди.

Связанный пост