Баатыр энелердин балдары үчүн 500гө жакын гранттык орун каралууда

 Баатыр энелердин балдары үчүн 500гө жакын гранттык орун каралууда

Баатыр энелердин балдарына жогорку окуу жайларда гранттык орундарды берүү кийинки окуу жылынан тарта башталат. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Исираилова “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бул үчүн КР “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү каралууда. Учурда тиешелүү мыйзам долбоору иштелип жатат.

“Жогорку Кеңештин токтому даярдалып, президенттин администрациясы тарабынан бизге тапшырма келген. Токтомго ылайык, министрлик тарабынан “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча иш жүргүзүлүп жатат”, – деди Исираилова.

Анын маалыматына караганда, жыл сайын бөлүнүүчү 10 миң гранттык орундун ичинен 500гө жакын орунду баатыр энелердин балдарына берүү сунушталууда.

“Мында 10 миң гранттын ичинен 500дөй орунду баатыр энелердин балдарына берүү деген түшүнүк каралууда. Ошондуктан мыйзамга өзгөртүү киргизилип, ал күчүнө кирсе, кийинки окуу жылынан тарта грант берүү башталат”, – деп белгиледи ал.

Связанный пост