Жыл аягына чейин өлкө боюнча 58 мектеп пайдаланууга берилет
Жыл аягына чейин 58 мектеп пайдаланууга берилет.
Агартуу министрлигинен билдиришкендей, анын 56сы жаңы курулуш объектиси: 49 мектеп жана 7 бала бакча. Ошондой эле капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн 2 мектепти пайдаланууга берүү пландалууда.
Белгилей кетсек, 11-сентябрда Талас облусунда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкө боюнча 100 социалдык объект онлайн форматта ачылган.
Алардын арасында 34 мектеп жана 28 бала бакча бар.