Кырчын жайлоосуна көп жылдык газон себилди

Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында этношаарчанын аймагын жашылдандыруу максатында көп жылдык газон себүү акциясы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Акцияга министрдин орун басары Аскаралы Мадаминов, ”Шамал“ фестивалынын катышуучулары жана активдүү жарандар катышты. Боз үйлөр жана убактылуу объектилер жайгашкан аянттарга жергиликтүү климаттык шартка ылайыкташкан көп жылдык газон себилди.

Иш-чаранын максаты — Кырчын жайлоосун көрктөндүрүү, жашыл аймактарды көбөйтүү жана экологиялык маданиятты жайылтуу. Акция Маданият министрлигинин демилгеси менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусунда уюштурулду.

Связанный пост