Манас шаарындагы үч ири объекттин курулушунан 1,1 млрд сом үнөмдөлдү
Манас шаарында курулуп жаткан үч ири социалдык объекттин долбоордук-сметалык документтери кайра каралып, 1,1 млрд сом бюджеттик каражат үнөмдөлдү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, сөз 7 кабаттуу облустук клиникалык оорукана, 5 миң 200 орундуу спорт сарайы жана “Акылман” президенттик мектеп-лицейи жөнүндө болуп жатат.
“Кайра эсептөөнүн жыйынтыгында оорукана боюнча 74,9 млн сом, спорт сарайынан 479 млн сом, ал эми “Акылман” мектеп-лицейинен 443,5 млн сом үнөмдөлдү”, – деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, учурда мектеп-лицейинин курулушу аяктоо алдында турат. Объектти жаңы окуу жылында пайдаланууга берүү пландалууда.