Акыйкатчы: Келип түшкөн арыздардын жарымы аймактарда каралат

 Акыйкатчы: Келип түшкөн арыздардын жарымы аймактарда каралат

Акыйкатчы институтуна бир жылда 10 миңге жакын арыз келип түшсө, анын жарымы региондордо каралат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине акыйкатчы Жамиля Жаманбаева билдирди.

Жамиля Жаманбаева белгилегендей, күн мурун, 7-сентябрдагы жолугушууда президент Садыр Жапаров конституциялык мыйзамга ылайык, Акыйкатчы институтуна келип түшкөн арыздар калыс жана объективдүү каралышы керектигин билдирген.

“Кыйноолорго кабылган жарандардын арыздары келип түшсө, укук коргоо органдарынан чочулабай, калыс, объективдүү түрдө арыздар каралышы керектигин мамлекет башчысы баса белгилеп кетти”, – деди Жамиля Жаманбаева.

Ошондой эле ал Акыйкатчы институтунун тутумуна Улуттук превентивдик механизм, же башкача айтканда кыйноолорду алдын алуу боюнча жоюлган улуттук борбор киргенде, кызматкерлердин саны дагы 30га көбөйгөнүн айтты.

“Президенттин колдоосу менен бизге 10 унаа берилди. Биз үчүн бул дагы абдан маанилүү, анткени ошол унаанын алтоосу биздин региондорго кетти. Анткени акыйкатчынын региондордо дагы өзүнүн өкүлчүлүктөрү бар. Ошол өкүлчүлүктөргө абдан көп арыздар келип түшөт. Мисалга алсак, ошол эле биздин Акыйкатчы институтуна бир жылда 10 миңге жакын арыз келип түшсө, анын жарымы региондордо каралат. Ошондуктан, менин оюмча, кызматтык унаалардын бөлүнүшү кызматкерлердин келип түшкөн арыздарды ыкчам кароосуна, мониторинг жана инспекцияларды жүргүзүүсүнө өбөлгө түзөт”, – деп айтты акыйкатчы.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров кечээ, 7-сентябрда акыйкатчы Жамиля Жаманбаева менен жолугушканда адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатындагы актуалдуу маселелер каралган. Мамлекет башчысы жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин ишенимдүү коргоого жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылууга багытталган Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгүнө ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айткан.

Связанный пост