Күз-кыш мезгилине даярдык күчөтүлөт
Энергетика тармагында 2026-2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыкты күчөтүү тапшырылды. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбековдун энергетикалык компаниялардын, уюмдардын жана ведомствонун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен өткөн жумушчу кеңешмесинде айтылды.
Министр тармактык уюмдардын жетекчилерине энергетикалык объектилерди күз-кыш мезгилине өз убагында жана сапаттуу даярдоону, ошондой эле пландалган оңдоо, реконструкциялоо жана модернизациялоо иштерин белгиленген мөөнөттө аяктоону тапшырды.
Ошондой эле Рысбеков энергетика системасынын туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн бардык багыттар боюнча иштерди күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.