1-октябрдан тарта пенсиялар көбөйөт: Токтомго кол коюлду

 1-октябрдан тарта пенсиялар көбөйөт: Токтомго кол коюлду

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды 2026-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо жөнүндө» токтомуна кол койду.

Токтом президенттин 2026-жылдын 10 – августундагы “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды 2026-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо жөнүндө” жарлыгын ишке ашыруу максатында иштелип чыкты.

Токтомго ылайык, 2026-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти 1,20 өлчөмүндө, бирок 10 миң сомдон көп эмес бекитилди. Ошондой эле пенсиялардын базалык бөлүгүн жеткирүүнүн эсебинен кошумча төлөөлөрдү эсепке албаганда 8 800 сомдон аз болбойт деп белгиленди.

Бул токтом 2026-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.

Связанный пост