Улуттук шахмат академиясы түзүлүп, өнүктүрүүгө 100 млн сом бөлүндү
Президент Садыр Жапаров шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу максатында “Кыргыз шахмат союзуна караштуу Улуттук шахмат академиясы жөнүндө” жарлыкка кол койду.
Бул чечим 2026–2030-жылдарга каралган мамлекеттик саясаттын алкагында кабыл алынып, шахматты өлкөнүн социалдык саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныктады.
Жарлыктын негизги максаттары — эл аралык деңгээлдеги спортчуларды даярдоо системасын өркүндөтүү, жаштардын интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүү үчүн заманбап база түзүү жана шыктуу таланттарды ар тараптуу колдоо.
Документке ылайык төмөнкү чаралар каралган:
- “Кыргыз шахмат союзуна караштуу Улуттук шахмат академиясы” мекемесин түзүү демилгеси колдоого алынды.
- Жогорку натыйжаларды көрсөткөн спортчулар жана машыктыруучулар эл аралык мелдештерге катышууга, инвентарь сатып алууга жана кесиптик жактан өнүгүүгө мамлекеттик колдоо алышат.
- Заманбап материалдык-техникалык базаны түзүү жана шахматты жайылтуу үчүн президенттин фондунан 100 млн сом бөлүніп, Кыргыз шахмат союзуна караштуу өнүктүрүү фонду түзүлдү.