Өлкөнү күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо боюнча кезектеги жыйын өттү
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбековдун төрагалыгы алдында калкты жана экономика субъекттерин күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо маселелери боюнча кезектеги жыйын өткөрдү.
Отурумда Энергетика министрлигинин жана «АБанк» ААКнын жетекчилеринин орун басарларынын, ошондой эле мунай продуктуларын жеткирүүчү компаниялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өлкөнүн мунай рыногундагы учурдагы кырдаал талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдарга жана уюмдарга тиешелүү тапшырмалар берилди.