Кыргызстанда Улуттук шахмат академиясы түзүлдү

 Кыргызстанда Улуттук шахмат академиясы түзүлдү

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз шахмат биримдигине караштуу Улуттук шахмат академиясы жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Документке ылайык, Улуттук шахмат академиясы түзүлөт. Анын иши эл аралык деңгээлдеги шахматчыларды даярдоону өркүндөтүүгө, жаштардын интеллектуалдык дараметин өнүктүрүүгө жана спортчуларды колдоого багытталган.

Ошондой эле жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен спортчуларды жана машыктыруучуларды мамлекеттик колдоо чаралары да каралган. Каражаттар эл аралык таймаштарга жана окуу-машыгуу жыйындарына катышууга, инвентарларды сатып алууга жана кесиптик өнүгүүгө багытталышы мүмкүн.

Академиянын түзүлүшү 2026-2030-жылдардагы шахматты өнүктүрүү боюнча чаралардын бир бөлүгү болуп калды. Буга чейин, 3-июнда президент шахматты өнүктүрүүнү жана жайылтууну мамлекеттик социалдык саясаттын негизги багыттарынын бири катары белгилеген.

Кыргызстанда Шахматты өнүктүрүү фондун түзүү да каралган. Анын ишине Президенттин фондунан 100 млн сом бөлүнөт.

Связанный пост