Кырчынга кошумча автобус каттамдары кошулду
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын бир бөлүгү Кырчын жайлоосунда өтүп жатат.
Оюндардын медиа штабынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата оюндарды көрүүгө келгендердин саны 200 миңден ашты.
Жарандарга Чолпон-Атанын аймагынан Кырчын жайлоосуна чейин акысыз маршруттук каттамдар уюштурулган.
“Кечээ, 2-сентябрда келген коноктордун саны көп болгондуктан, бүгүн кошумча автобустар каттамга кошулду. Жарандарды Кырчын жайлоосуна жана шаарга ташууда азыркы учурда эч кандай тартыштык жок”,-деп айтылат маалыматта.