Ысык-көлдүк жаш чабандес бышты жорго жарышында 1 млн сом утту

 Ысык-көлдүк жаш чабандес бышты жорго жарышында 1 млн сом утту

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн бышты жорго жарышында Ынтымак аттуу жаш чабан 6 миң метр аралыкта биринчи орунду ээлеп, 1 млн сом утуп алды. Бул тууралуу ал Кабар агенттигине билдирди.

Ынтымак Тоң районунан келгенин жана ат чабыштарга 2 жылдан бери катышып жүргөнүн айтты. Бул мелдешке 1 айдай убакыт даярданган.

Анын айтымында, жарыш учурунда атаандаштар жогорку ылдамдыкта чабышып, айрым аттар чарчай баштаган. Мындан пайдаланып, Ынтымак алдыга озуп, жарыштын аягына чейин лидерлигин сактап калган.

“Маанайым абдан жакшы! 1 млн сом утуп алдым”, — деди Ынтымак.

Жаш чабан бул анын биринчи жеңиши эмес экенин айтып, буга чейин дагы эки жолу биринчи орунду ээлегенин белгиледи.

Связанный пост