ИИМ: Кырчында абал тынч, тартип көзөмөлдө

 ИИМ: Кырчында абал тынч, тартип көзөмөлдө

Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы иш-чаралар учурунда коомдук тартип жана жарандардын коопсуздугу толук камсыздалууда. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков “Кабар” агенттигине билдирди.

Министрдин айтымында, иш-чаралардын алгачкы күндөрүндө элдин агымы көбөйгөнүнө байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

“Учурда Кырчын жайлоосунда чет өлкөлүк туристтер, жергиликтүү меймандар жана өлкөнүн бардык аймактарынан келген жарандар тынч жана коопсуз эс алып жатышат. Жайлоо аймагында коомдук тартипти бузуу жана укук бузуулар катталган эмес.

Коопсуздукту камсыз кылууга ички иштер, өзгөчө кырдаалдар, саламаттык сактоо органдарынын жана башка тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү тартылып, күчөтүлгөн режимде биргелешип иш алып барууда”, – деди министр.

Ошондой эле министр ипподромдогу спорттук мелдештер учурунда спортчулардын, көрүүчүлөрдүн жана коноктордун коопсуздугу көзөмөлдөнүп жатканын кошумчалады.

“Учурда кооптонууга эч кандай негиз жок, кырдаал толугу менен тынч. Элибиздин маанайы көтөрүңкү. Биздин башкы максатыбыз – жарандарыбыздын жана меймандарыбыздын эс алуусун коопсуз жана жогорку деңгээлде өткөрүүсүн камсыз кылуу”, – деди Улан Ниязбеков.

Белгилей кетсек, Кырчын жайлоосундагы майрамдык жана спорттук иш-чаралар белгиленген тартипте уланууда.

Связанный пост