Көчмөндөр оюндары: Энергетиктер күчөтүлгөн режимде иштөөдө

 Көчмөндөр оюндары: Энергетиктер күчөтүлгөн режимде иштөөдө

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи жана ШКУ саммити учурунда энергетиктер үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылышты. Бул тууралуу “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, адистер тарабынан иш-чаралар өтө турган объектилердин энергетикалык инфраструктурасы алдын ала текшерилип, аба чубалгылардын, көмөк чордондордун жана башка жабдуулардын абалы көзөмөлдөндү.

Электр энергиясынын резервдик булактары, атайын техника, жабдуулар жана материалдык ресурстар алдын ала даярдалды.

Иш-чаралар өтүп жаткан күндөрү энергетика тармагынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өтүштү.

Борбор калаада жана Чүй облусунда 250дөн ашуун адис тартылды. Негизги объектилерде, анын ичинде ”Бишкек Арена”, ”Ырыс Ордо”, ”Ынтымак Ордо”, №1 мамлекеттик резиденция, 78 мейманканада күнү-түнү нөөмөт уюштурулду.

Мындан тышкары, Чүй, Жалал-Абад, Талас жана Нарын облустарындагы энергетикалык объектилерге дагы 300дөн ашуун адис тартылды.

Учурда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан объектилерде – «Кырчын» этношаарчасында, ипподромдо, ”Рух Ордо“ жана башка аянтчаларда да энергетиктердин иши күчөтүлдү.

“Бүгүнкү күндө иш-чараларды өткөрүүгө тартылган объектилерди электр энергиясы менен камсыздоо туруктуу, үзгүлтүксүз жана штаттык режимде жүргүзүлүүдө”, – деп белгиленет маалыматта.

Связанный пост