Кырчын жайлоосу онлайн видеокамералар аркылуу дагы көзөмөлгө алынууда
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде өткөрүү, коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин атайын жабдылган «Аска» көчмө башкаруу борбору кызмат өтөөдө.
Аталган атайын унаа иш-чаралардын жүрүшүндө коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттерди ыкчам аткарууга, кызмат өтөөгө тартылган күчтөрдүн иш-аракеттерин координациялоого жана түзүлгөн кырдаалга жараша тиешелүү чечимдерди өз убагында кабыл алууга мүмкүндүк берет.
Учурда «Аска» көчмө башкаруу борбору аркылуу Кырчын жайлоосундагы жалпы кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүлүп, коомдук тартипти сактоого тартылган күчтөрдүн өз ара байланышы жана биргелешкен иш-аракети камсыздалууда.