Эртең Бишкекте коомдук транспорт кадимки режимде иштейт

 Эртең Бишкекте коомдук транспорт кадимки режимде иштейт

Эртең Бишкекте коомдук транспорт кадимки режимде иштейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Белгилей кетсек, борбор калаада эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар өтүп жаткан мезгилде айрым көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилгендигине байланыштуу, 31-августта жана 1-сентябрда коомдук транспорттун каттамдарынын аралыгы көбөйүп, жолдо жүрүү убактысы узарган.

Мындан тышкары, бир катар автобус каттамдарынын жүрүү схемасы убактылуу өзгөргөн.

Связанный пост