Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда 16 документке кол коюлду
Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шарифтин Кыргыз Республикасына расмий сапарынын алкагында бүгүн, 2-сентябрда, саясий, соода-экономикалык, укук коргоо жана гуманитардык тармактарда кыргыз-пакистан кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө багытталган эки тараптуу документтерге кол коюу жана алар менен алмашуу аземи болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчылары Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Мухаммад Шахбаз Шарифтин биргелешкен билдирүүсүнө кол коюшту.
Андан соң төмөнкү документтер менен алмашуу аземи болуп өттү:
– Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өткөрүп берүү жөнүндө келишим;
– Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы Кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам жөнүндө макулдашуу;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы транзиттик соода жөнүндө макулдашуу;
– 2026-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы кызматташтык программасы;
– Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча министрлигинин ортосундагы айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү чөйрөсүндөгү өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
– Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Федералдык билим берүү жана кесиптик даярдоо министрлигинин ортосундагы билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
– Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Виртуалдык активдерди жөнгө салуу органынын ортосундагы виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү кызматташтык жөнүндө меморандум;
– Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн Илим жана технология министрлигинин ортосундагы илимий-техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
– Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Пакистандын Соода-өнөр жай палаталарынын федерациясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу;
– Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Пакистан медициналык жана стоматологиялык кеңешинин ортосунда медициналык билим берүү жаатында кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
– Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөтүнүн Ички иштер жана Баңгизаттарды көзөмөлдөө министрлигинин ортосунда баңги каражаттарынын, психотроптук заттардын, жаңы психоактивдүү заттардын, алардын прекурсорлорунун мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү жана ага байланыштуу маселелер боюнча кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;
– Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту менен Пакистан Ислам Республикасынын Исламабаддагы Стратегиялык изилдөөлөр институтунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
– Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институту менен Пакистан Ислам Республикасынын Улуттук коргоо университетинин ортосундагы илимий изилдөө жана кызматташтык чөйрөсүндөгү өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
– Кыргыз Республикасынын Ош шаары менен Пакистан Ислам Республикасынын Лахор шаарынын ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү жөнүндөгү келишим;
– «Кыргыз почтасы» ААК менен «Пакистан почтасы» ортосундагы почта кызматтары жана электрондук коммерция чөйрөсүндө өз ара пайдалуу кызматташтык жөнүндө эки тараптуу ниет жөнүндө макулдашуу.