Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи тынч өттү
31-августта Бишкек шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи тынч өттү.
Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, бардык тартылган кызматтардын биргелешкен жана так иш алып баруусунун натыйжасында иш-чара ырааттуу өтүп, коомдук тартиптин бузулушуна жана ар кандай кырсыктарга жол берилген жок.
Ички иштер органдарынын кызматкерлери иш-чара өткөн аймакта, ага жакын жайгашкан көчөлөрдө жана башка объектилерде коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылышты.
“Учурда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда. Укук коргоо органдары Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан мезгилде иш-чаранын катышуучуларынын, коноктордун жана борбор калаанын тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүп жатышат”, – деп айтылат маалыматта.
ИИМ жарандарды коомдук тартипти сактоого, милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууга жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.