Кубанын Президенти Мигель Диас-Канель Бермудес Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
Куба Республикасынын Президенти Мигель Диас-Канель Бермудес Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
“Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерди мындан ары чыңдоого жана кеңейтүүгө даяр экенибизди ырастоо менен Эгемендүүлүк күнүңүздөргө карата Сизге чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жолдойм”, – деп айтылат куттуктоо кайрылуусунда.