ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндары: Бишкекте автобустар кадимки режимде иштейт

 ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндары: Бишкекте автобустар кадимки режимде иштейт

Бишкекте ШКУ саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан мезгилде коомдук транспорт кадимки режимде ишин улантат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бирок айрым көчөлөрдө жана жол тилкелеринде кыймылга убактылуу чектөөлөр киргизилгендиктен, 2026-жылдын 31-августунда жана 1-сентябрында коомдук транспорттун каттам аралыгы көбөйүп, жолдо жүрүү убактысы узарышы мүмкүн.

“Ошондой эле бир катар автобус каттамдары убактылуу схемалар боюнча жүргүзүлөт. Өзгөртүүлөр №13, 17, 23, 34, 36, 40, 50, 52, 103, 107, 118, 166, 215, 222, 227 жана 254 каттамдарына жарым-жартылай тиешелүү болмокчу”, – деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун сапарларын алдын ала пландаштырууга жана жолдо жүрүү убактысынын көбөйүшүн эске алууга чакырат.

Связанный пост