Кыргызстандын Кытайга айыл чарба продукциясынын экспорту 1,5 эсеге өстү
Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын Кытайга экспорту 73 млн АКШ долларына жетип, 1,5 эсеге өстү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков Кыргыз-кытай инвестициялык бизнес форумунда билдирди.
Анын айтымында, өлкөнүн негизги максаты — айыл чарба продукциясын чийки зат катары гана экспорттобостон, кайра иштетүү аркылуу кошумча наркы жогору даяр продукциялардын үлүшүн көбөйтүү.
“2026-жылдын январь-май айларында Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын Кытайга экспорту 73 млн АКШ долларына жетип, 1,5 эсеге өстү. Биздин негизги милдет — кошумча наркы жогору продукциялардын экспорттогу үлүшүн көбөйтүү. Бул үчүн продукцияны терең кайра иштетүү, азык-түлүк өндүрүү жана логистиканы өнүктүрүү багытында биргелешкен ишканаларды түзүү зарыл”,- деди Акунбеков.
Белгиленгендей, бул багытта Кытай менен биргелешкен ишканаларды түзүү жана логистиканы өнүктүрүү маанилүү.
“Биздин максат — айыл чарба продукциясын чийки зат катары эле сатпай, аны кайра иштетип, даяр азык-түлүк чыгарууну көбөйтүү. Бул үчүн Кытай менен биргелешкен ишканаларды түзүп, логистиканы да өнүктүрөбүз”, — дейт ал.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында “Кыргызстан – Кытай: туруктуу өнүгүүгө жана жалпы бакубаттуулукка карай жол” аттуу кыргыз-кытай инвестициялык бизнес форуму өтүүдө.
Ири иш-чарага эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, өнүктүрүү институттарынын, каржы түзүмдөрүнүн жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрүнөн турган 300гө жакын адам катышууда.
Форумдун жүрүшүндө инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, өнөр жай кооперациясы, өндүрүштөрдү жергиликтештирүү, транспорттук-логистикалык жана энергетикалык инфраструктураны өнүктүрүү маселелери талкууланууда.
Форумдун жыйынтыгында инвестициялык келишимдерге, меморандумдарга жана коммерциялык келишимдерге кол коюулушу күтүлүүдө.