Кооз дата: өлкө боюнча 244 түгөй баш кошту

 Кооз дата: өлкө боюнча 244 түгөй баш кошту

26-августта өлкө боюнча 244 жуп баш кошту. Бул тууралуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул күнү өзгөчө кооз датага туура келгендиктен, жаштардын активдүүлүгү жогору болгон. Анын ичинен бир гана Бишкек шаарында 118 түгөй баш кошуп, үй-бүлө отун тутантты.

Белгиленгендей, акыркы жылдары жубайлар никеге туруу күнүн пландоодо мындай кооз же эсте каларлык даталарга өзгөчө көңүл бурууда.

Связанный пост