Жакында Бишкекте 3 жаңы өнөр жай ишканасы ишке кирет

 Жакында Бишкекте 3 жаңы өнөр жай ишканасы ишке кирет

Бишкекте “100 өнөр жай ишканасы – 2026” программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан 3 жаңы өндүрүш объектиси ишке кирүүгө даярдалып жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн шаар мэри Айбек Жунушалиев ишканалардын даярдыгы менен таанышты.

Алардын бири – “КыргызТрансформатор” ЖЧКсы. Ишканада жылына 1 миң күч трансформаторун чыгаруу пландалууда. Өндүрүш ишке киргенде 50гө чейин жумуш орду түзүлөт.

Мындан тышкары, “Полибетон” ААКтын кошумча кулинардык цехинин даярдыгы 95 пайызга жетти. Анда даяр тамак, нан-кондитердик жана башка азыктар өндүрүлүп, 200дөн ашык жумуш орду түзүлөт.

Ал эми “Флагман компани” ЖЧКсы жылына 6 миң тонна металл конструкцияларын жана металл буюмдарын чыгара турган заводду ишке киргизүүгө даярданууда. Объекттин даярдыгы 98 пайызды түзүп, 35 жумуш орду түзүлөт.

Мэр долбоорлордо жакшы динамика бар экенин белгилеп, жергиликтүү өндүрүшчүлөргө колдоо көрсөтүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Связанный пост