Өлкөдө 202 МТС дыйкандарга кызмат көрсөтөт
Кыргызстанда күзгү оруп-жыйноо иштеринин жүрүшүндө айылдык товар өндүрүүчүлөргө механикалаштырылган кызмат көрсөтүү үчүн 202 машина-трактор станциясы (МТС) иштеп жатат.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, МТСтер айыл чарба техникасы менен камсыз кылуу, дыйкандарга өз убагында жана сапаттуу кызмат көрсөтүү, ошондой эле лизингди өнүктүрүү жана тармакты техникалык жактан жаңылоого шарт түзүү максатында уюштурулуп келет.
Учурда өлкө боюнча МТСтердин карамагында 4 миңге жакын айыл чарба техникасы бар. Алардын 77си муниципалдык, 125и жеке менчик болуп саналат.
Белгилей кетсек, Ысык-Көл жана Чүй облустарында 40тан, Нарын облусунда 39, Жалал-Абадда 25, Ошто 23, Таласта 22 жана Баткенде 13 станция иштейт.
2026-жылы өлкөдө 16 МТС уюштурулган. Жыл аягына чейин дагы үч станцияны ишке киргизүү пландалууда.