Министрлик: Окуучуларды кесип тандоого багыттаган программа ишке кирет

 Министрлик: Окуучуларды кесип тандоого багыттаган программа ишке кирет

Быйылкы окуу жылынан тарта 8-класстын окуучуларына “Кыргыз жараны: тарых, коом, укук жана экономика” профилге чейинки даярдоо программасы киргизилет.

Агартуу министрлигинен билдиришкендей, анын максаты окуучуларды кесип тандоого багыттоо болуп саналып, өзүнчө предмет эмес, программа катары окутулат. Ошондой эле 9-класста улантылат.

Анда окуучулардын өзүн-өзү таануусуна, кызыгуулары менен жөндөмдөрүн ачууга жана келечектеги билим алуу багытын тандоого жардам берет.

Программа 68 саатка эсептелип, тарых, коом, укук жана экономика деген бөлүктөрдөн турат.

Модулдар төмөндөгүдөй өтүлөт:

  • 1-модуль – өзүн-өзү таануу;
  • 2-модуль – тарых, коом жана лидерлик;
  • 3-модуль – укук, экономика жана экология;
  • 4-модуль – келечек кесиби жана профилдик багыт алуу.

“Окуучулар анда жарандык жоопкерчилик, укуктук жана финансылык сабаттуулук, ошондой эле өзүн-өзү аныктоо боюнча көндүмдөрдү өнүктүрүшөт. Андан сырткары, окутуу долбоордук иштерге, практикалык тапшырмаларга, дебаттарга, кейстерге, экскурсияларга жана санариптик технологияларды колдонууга негизделет. Мында мугалим маалымат берүүчү гана эмес, окуучунун өнүгүүсүн колдогон ментор жана кеңешчи катары иш алып барат”,-деп айтылат маалыматта.

Связанный пост