Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолундагы эң бийик көпүрө Сузакта курулууда

 Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолундагы эң бийик көпүрө Сузакта курулууда

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун Кеч-Алат дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөсүнүн курулушу уланууда. Бул тууралуу ”Чайна Рэйлвей Интернэшнл“ ЖЧКсынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көпүрөнүн жалпы узундугу 956,67 метрди түзөт. Эң бийик тирөөчүнүн бийиктиги 96 метр болсо, көпүрөнүн жалпы бийиктиги 122 метрге жетет. Компаниянын маалыматына караганда, бул темир жолдун бардык багытындагы эң бийик көпүрө болуп саналат.

“Көпүрөнүн негизги аралыгы 3×96 метрлик схема боюнча болот фермадан жасалууда. Учурда көпүрөнүн 257 үймөк пайдубалынын баары толугу менен бүткөрүлдү. Тирөөчтөр менен жээк таянычтарынын курулушу 54% аткарылды”, – дер айтылат маалыматта.

Связанный пост