Айыл чарба тармагындагы өсүш 6 пайызды түздү

 Айыл чарба тармагындагы өсүш 6 пайызды түздү

2026-жылдын жети айынын жыйынтыгы менен Кыргызстанда айыл чарба тармагындагы өсүш 6 пайызды түзүп, анын ичинде өсүмдүк өстүрүү тармагы 10 пайызга, мал чарбачылыгы 4 пайызга өстү. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, айыл чарба тармагындагы өсүшкө акыркы жылдары дыйкандарды колдоого багытталган мамлекеттик программалар жана каржылык булактарды кеңейтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер оң таасирин тийгизүүдө.

“Айыл чарба тармагындагы өсүш акыркы жылдары дыйкандарды колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын жыйынтыгы. Мындан тышкары, быйыл климаттык шарттар да оң таасирин тийгизди. Дыйкан-фермерлерде сугат суу боюнча олуттуу көйгөйлөр жаралган жок”, — деди ал.

Министрдин биринчи орун басары белгилегендей, жылдын аягына чейин айыл чарба тармагындагы өсүштү дагы жогорулатуу боюнча иштер улантылат. Айрыкча оруп-жыюу өнөктүгүн өз убагында өткөрүү, кайра иштетүү ишканаларынын ишин уюштуруу жана тармактагы белгиленген пландарды аткаруу көзөмөлгө алынат.

“Буга чейинки акыркы 15 жылда айыл чарба тармагындагы эң жогорку өсүш 6,3 пайызды түзгөн. Быйыл бул көрсөткүчтөн ашабыз деген максаттарыбыз бар”, — деди ал.

Связанный пост