Кыргызстанда күзгү оруп-жыйноо иштери жалпы республика боюнча 60 пайыздан ашты

 Кыргызстанда күзгү оруп-жыйноо иштери жалпы республика боюнча 60 пайыздан ашты

Кыргызстанда күзгү оруп-жыйноо иштери жалпы республика боюнча 60 пайыздан ашты. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Чүй облусунда оруп-жыйноо иштери 80 пайыздан ашса, түштүк облустарда 40-50 пайыздын деңгээлинде жүрүп жатат. Ысык-Көл жана Нарын облустарында күзгү оруп-жыйноо иштери эми башталды.

Белгилей кетсек, дыйкандарды күйүүчү май менен камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Маалымдалгандай, жыл башында өкмөт тарабынан дыйкандарга жеңилдетилген шартта 7 миң тонна дизелдик отун бөлүнгөн. Анын азыркы учурда 50 пайызы пайдаланылды, калган 3,5 миң тоннасы дыйкандар үчүн жеңилдетилген баада каралган.

“Жыл башында дизелдик отундун базардагы баасы 100 сомдун тегерегинде болуп турганда, дыйкандарга жеңилдетилген шартта 81 сомдон сатылып, ар бир гектар жерге 50 литрден эсептелген. Акыркы мезгилде дизелдик отундун баасы кескин жогорулагандыктан, жеңилдетилген бааны 94 сомго көтөрүү чечими кабыл алынып, бүгүнкү күндө 94 сомго көтөрүлдү”, — деди Илич Марсбек уулу.

Связанный пост