“Кыргызалтын” жарым жылда 33 млрд сом таза киреше тапты

 “Кыргызалтын” жарым жылда 33 млрд сом таза киреше тапты

“Кыргызалтын” ААК 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында 33 млрд сом таза киреше тапты. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көп. Ошондой эле 2026-жылдын алты айындагы таза киреше компаниянын 2025-жылдагы жылдык көрсөткүчүнөн 1,8 эсеге жогору.

“2025-жылдын жыйынтыгында “Кыргызалтындын” таза кирешеси 18,7 млрд сомду түзгөн. Демек, быйылкы алты айда компания өткөн жылдагы көрсөткүчтөн 14,3 млрд сомго көп таза киреше тапты”, – деп айтылат маалыматта.

Компаниянын маалыматы боюнча, финансылык көрсөткүчтөрдүн өсүшү ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатуу, финансылык туруктуулукту бекемдөө жана өндүрүштүк потенциалды өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасын көрсөтөт.

Белгиленгендей, алдыдагы үч жылда “Кыргызалтын” жалпы наркы 1 млрд доллардан ашкан стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууну пландоодо. Алардын катарында Үңкүр-Таш, Тоголок, Чакуш, Талды-Булак жана Андаш кендерин өздөштүрүү долбоорлору бар.

“Бул долбоорлор өндүрүштүк кубаттуулуктарды кеңейтүүгө, жаңы кендерди өздөштүрүүгө жана компаниянын өлкө экономикасына кошкон салымын көбөйтүүгө багытталган”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост