Өлкөдө электр энергиясын керектөө жылына 5–7%га өсүүдө
Кыргызстанда электр энергиясын керектөө жыл сайын орточо 5-7 пайызга өсүүдө. Быйыл жыл жыйынтыгы менен керектөөнүн 7 пайызга өсүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу “Кыргыз улуттук электр тармагы” ААКнын Өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн жетекчиси Кубанычбек Исмаилов “Кабар“ агенттигинин “Элден собол” берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, учурда “Кыргыз улуттук электр тармагы” ААКсында 1 млн 642 миң электр энергиясын керектөөчү катталган.
“Керектөөчүлөрдүн санынын өсүшүнүн себеби — өлкө өнүгүп жатат. Ар бир үй-бүлөдө электр энергиясын керектөө да өсүүдө. Бишкекте жана башка аймактарда көп кабаттуу үйлөр курулуп, жылына 100дөн ашык өндүрүш объектиси ишке кирүүдө. Мунун баары керектөөнүн өсүшүнө түрткү болууда”, – деди Исмаилов.