Нарында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды
20-августка караган түнү саат 01:08де Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунан билдиришкендей, анын күчү очогунда 4 баллга жеткен.
Жердин силкинүүсү Көк-Жар, Ак-Кыя, Ак-Булак, Кара-Кече, Миң-Куш жана башка айылдарда 3-3,5 баллга чейин сезилген.
Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшкөн жок.