Акунбеков Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясынын жетекчиси менен жолукту

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (КЭР СУАР) болгон жумуш сапарынын алкагында, Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясынын (China National Petroleum Corporation – CNPC) башкы директору Ло Ичжоу менен жолукту.

Алгач МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков жетектеген кыргыз делегациясынын курамына кирген ондон ашуун Кыргызстанда мунай менен иш жүргүзгөн компаниялардын жетекчилерине корпорациянын тарыхы жана ишмердүүлүгү тааныштырылды.

Анда негизинен Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясына караштуу “Куньлунь Логистик” компаниясы аркылуу Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу продуктуларды жеткирүүнүн жол-жоболору каралды.

Бул компаниянын ишмердүүлүгүнө эл аралык деңгээлде жана стандарттарга жооп берген мунай кендерине жүктөрдү жеткирүү, ошондой эле чийки мунайды, жаратылыш газын, мунай продуктуларын жана атайын кайра иштетилген продуктуларды, химиялык продуктуларды ташуу жана кампа логистика кирет.

Ага байланыштуу бул багытта корпорация менен ыкчам жана тыгыз иш алып баруу үчүн, өлкөнүн Энергетика министрлигине жалпы ишти координациялоо, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине, Бажы кызматына көзөмөл-өткөрүү бекеттеринен мунай ташыган жүктөрдү токтоосуз өткөрүү, Тышкы иштер министрлигине жеткирүү кызматын аткарган айдоочулардын визаларын тариздөөнү жөнөкөйлөтүү сыяктуу маселелер жеринде каралып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү.

МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков соода жүгүртүүсүз өлкөлөр ортосунда соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө болбой турганын, ошол себептүү кытай корпорациясы менен кыргыз компаниялары ортосунда дагы жаңы келишимдерди түзүү үчүн ишкерлер делегация курамына кошулганын, Борбор Азиядагы нефть рыногундагы кырдаалга байлануштуу бул тармактагы кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал эми, Кыргызстандан барган компаниялар мунай продуктуларын өлкөгө ташып келүү боюнча корпорация менен макулдашып, келишимдерге кол коюшту.

Өз кезегинде Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясынын башкы директору Ло Ичжоу, Кыргызстан менен координацияны жана өз ара аракеттенүүнү тереңдетип, чек ара бекеттеринде бажыдан өткөрүүнү, чет өлкөлөрдө операцияларды жана техникалык тейлөөнү, ишенимдүү, натыйжалуу жана үзгүлтүксүз Кытай-Кыргызстан энергетикалык логистикалык коридорун биргелешип түзүүгө жана эки өлкө үчүн өз ара пайдалуу кызматташтыктын жаңы барагын жазууга даяр экенин билдирди.

Маалымат үчүн: Кытайдын Улуттук мунай-газ корпорациясы (China National Petroleum Corporation — CNPC) — дүйнөдөгү эң ири газ өндүрүү жана мунай казып алуучу мамлекеттик корпорациялардын бири. Ал мунай жана жаратылыш газын чалгындоого, өндүрүүгө, кайра иштетүүгө жана эл аралык масштабдагы куурлар аркылуу мунай продукцияларын ташууга катышат.

Связанный пост