Майыптыгы бар адамдарды медициналык реабилитациялоо жакшырат
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев менен саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов майыптыгы бар адамдарга реабилитациялык кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртуу маселелерин талкуулашты.
Эмгек министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда майыптык белгиленгенден кийинки медициналык жардамды жана реабилитациялык иш-чараларды уюштурууга өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар медициналык реабилитациялоо механизмдерин өркүндөтүү, жеке реабилитациялоо жана абилитациялоо пландарын ишке ашыруу боюнча кызматташууну күчөтүү зарылдыгын белгилешти.
Бул чаралар жарандардын ден соолугун калыбына келтирүүгө жана коомго социалдык адаптацияланышына шарт түзүүгө багытталган.