Кыргыз-өзбек чек арасында “Маамай” өткөрмө пункту курулууда
Кыргыз-өзбек чек арасында “Маамай” өткөрмө пункту курулууда. Курулуш иштеринин жүрүшү менен президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев таанышты.
Ошондой эле ал Кербен – Маамай унаа жолунун куруу иштерин көрүп чыкты.
Бакыт Төрөбаев бул долбоорлорду ишке ашыруу Аксы районунун гана эмес, ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын бүтүндөй чек ара аймагынын ортосундагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарарын белгиледи.
“Маамай” эл аралык чек ара өткөрмө пунктунун курулушу эки элдин ортосундагы байланышты бекемдеп, соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрөт. Ветеринардык көзөмөл аймагынын түзүлүшү мал чарбачылыгы менен алектенген Аксы районунун тургундарына мыйзамдуу экспорттук жана импорттук бүтүмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет жана жергиликтүү калктын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатат.
Бакыт Төрөбаев Кербен – Маамай унаа жолу туризмди өнүктүрүүгө олуттуу түрткү берерин айтты.
Бул долбоорлорду ишке ашыруу чек ара кызматташтыгын бекемдөө жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн кошумча шарттарды түзөт.