ШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндары: “Манас” аэропорту конокторду тосууга даяр
“Манас” аэропорту ШКУ саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу чоң иш-чараларга карата коноктордун ири агымын тосуп алууга даяр. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААК башкармалыгынын башчысы Манасбек Самидинов билдирди.
Анын айтымында, былтыр башталган масштабдуу реконструкция иштери аягына чыгып калды.
“Курулуш иштери толук бүтүп, учурда жашылдандыруу жана жууп-тазалоо иштери аяктап жатат. Зарыл болгон техникалардын бардыгы алып келинди. Биз мындай чоң жана жоопкерчиликтүү иш-чарага толугу менен даярбыз”, – деди ал.
Мындан тышкары, ал 31-август жана 1-сентябрь күндөрү жогорку даражалуу конокторду тейлөө жана коопсуздук маселесине байланыштуу аба каттамдарына убактылуу чектөө киргизилерин кошумчалады.
“Бул күндөрү эртең менен саат 09:00дөн кечки саат 10:00гө чейин эки күн чектөөлөр болот. Ал эми эл аралык каттамдар түнкү убакыттарга жылдырылды. Бул үчүн бизге конгон жана бизден учкан авиакомпанияларга алдын ала маалымат бердик. Ошол убакытка карата алар өздөрүнүн жүгүртмөсүн түзүшөт. Бул аралыкта өлкөгө 20дан ашык мамлекеттердин башчылары жана алардын расмий делегациялары келери күтүлүп жатат. Өлкөнүн имиджи эң алгач чет мамлекеттен келген конокторду тейлөөнүн сапатына түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан биз бул иш-чарада коопсуздукту камсыздоо, жогорку деңгээлде тейлөөгө 100 пайыз даярбыз”, – деди ал.