Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулагандар кармалды

 Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулагандар кармалды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулап жүргөн эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-августтан 17-августка караган түнү Тоң районунун “Аалам-Ордо” аймагында Туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери браконьерликке каршы рейд жүргүзүшкөн.

Анын жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулап жаткан эки жаран кармалган. Алардан 50 чебак, болжол менен 13 судак, 6 синтетикалык тор жана үйлөмө желим кайык далил зат катары алынган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголкп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары уланууда.

Связанный пост