Жыл башынан бери транспорттук көзөмөлдөн бюджетке 247 млн сом түштү
2026-жылдын январь-июль айларында транспорттук көзөмөлдүн алкагында мамлекеттик казынага 247 млн 197 миң 785 сом түштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ушул мезгилде 500 миңге жакын транспорт каражаты текшерилип, 8 226 укук бузуу аныкталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 156,63 пайызга көп.
Укук бузуулар үчүн салынган айып пулдардан казынага 83 млн 330 миң сом түшүп, былтыркы көрсөткүчтөн 217 пайызга өстү.
Мындан тышкары, транспорт каражаттарынын салмак-габариттик өлчөмдөрүн текшерүүдөн 7 млн 444 миң сомго жакын, жолго келтирилген зыяндын ордун толтуруудан 10 млн 615 миң сом жыйналды.
Атайын уруксат кагаздарын берүүдөн 135 млн 850 миң сомго жакын каражат түшсө, көп жолу колдонулуучу уруксат кагаздарынан 10 млн сомдон ашык жыйым алынган.
Жалпысынан транспорттук көзөмөлдөн түшкөн каражаттын көлөмү 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 107,39 пайызга өстү.