Бишкектеги төлөм уюмуна 220 миң сом айып пул салынды
Бишкек шаарында жайгашкан төлөм уюмуна жалпы 220 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Улуттук банктан билдиришкендей, айып пул ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык коюлган милдеттүү талаптарын аткарбагандыгы үчүн салынган.
Мындан тышкары, уюм кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жаатындагы мыйзамдардын ички көзөмөл системасын уюштурууга байланыштуу талаптарын аткарган эмес.
Белгилей кетсек, Улуттук банк төлөм уюмдарынын ишине көзөмөл жүргүзөт жана мыйзам талаптары бузулган учурда тиешелүү чараларды көрөт.