Өлкөдө кохлеардык импланты бар 500гө жакын бала каттоодо турат
Кыргызстанда угуу жөндөмү бузулган бейтаптар үчүн кохлеардык имплантацияга жана зарыл болгон сүйлөө процессорлоруна жеткиликтүүлүк маселеси дагы деле актуалдуу. Бул тууралуу “Уккум келет” коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Тамара Цой “Кабар” агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда кохлеардык импланты бар болжол менен 500 бала бар. Алардын 257си учурда сүйлөө процессорлорун алмаштырууга муктаж.
Сүйлөө процессорунун баасы болжол менен 10 миң доллардан башталып, аны орто эсеп менен ар беш жылда алмаштыруу талап кылынат. Бул чыгымдар көпчүлүк үй-бүлөлөр үчүн оорчулук жаратат.
“Бул сумма ата-энелер үчүн абдан чоң. Мындан тышкары, операциядан кийин балага узак мөөнөттүү реабилитация талап кылынат, ага да олуттуу чыгымдар керектелет “, – деди Цой.
Ал Кыргызстанда балдарга кохлеардык имплантация жасоо боюнча толук кандуу мамлекеттик программа азырынча жок экенин белгиледи. Фонд бул маселени бир нече жылдан бери мамлекеттик деңгээлде көтөрүп, бейтаптарды керектүү аппараттар жана тетиктер менен камсыз кылуу боюнча иш алып барып келет.
Фонддун демилгеси менен буга чейин мамлекеттик бюджеттен сүйлөө процессорлорунун тетиктерин сатып алууга жана жаңыртууга каражат бөлүнгөн. Алгач 5 млн сом, кийин 10 млн сом, соңунда каржылоо 30 млн сомго чейин көбөйтүлгөн.
Анын белгилешинче, баланын ийгиликтүү адаптацияланышы үчүн угуунун бузулушун эрте аныктоо жана имплантацияны өз убагында жүргүзүү маанилүү.
“Эгер балага колдоо көрсөтүлүп, имплантация эрте куракта жасалса, ал өнүгүп, кадимки мектепте билим алып, кесипке ээ болуп, иштей алат. Мындай бала коомдун толук кандуу мүчөсү болот”, – деди ал.