Бир жумада 36 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталды
7-августтан 13-августка чейин алдын ала маалымат боюнча, өлкө аймагында 36 миң 536 жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактысы аныкталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:
- тиешелүү документтери унаа башкаруу – 1 003;
- мас абалында унаа башкаруу – 534;
- унаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу – 288;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол кыймылынын эрежелерин бузуу – 1 942;
- транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 5 865;
- автоээнбаштык фактысы – 32;
- белгиленген ылдамдык чегинен ашуу – 2 129;
- жасалма мамлекеттик каттоо номердик белгилери менен унаа башкаруу – 19;
- жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу фактылары – 21 172.
Мындан тышкары, жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн 3 552 унаа атайын айып короого киргизилди.