Жакында Ысык-Көлдө балык өстүрүү борбору ачылат

 Жакында Ысык-Көлдө балык өстүрүү борбору ачылат

Тоң районунда Аквакультура жана балык өстүрүү регионалдык борборунун курулушун аяктоо жана аны ишке киргизүүгө даярдык көрүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өкүлдөрү Корея деңиз институтунун директору Жо Жоңхи жана институттун өкүлдөрү менен жолугушууда сүйлөштү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда борборду расмий ачууга даярдык, тиешелүү документтерди мыйзам талаптарына ылайык толуктоо маселелери каралды.

Белгиленгендей, документтер даярдалып, талаптар аткарылгандан кийин борборду кабыл алуу иштери башталат.

Борбор аквакультура жана балык өстүрүү тармагына заманбап технологияларды киргизүүгө жана Кыргызстан менен Кореянын бул багыттагы кызматташтыгын кеңейтүүгө багытталган.

Связанный пост